Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Кыргыз Республикасынын Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгына кызматтык иш сапары менен барды

20.03.2024
3061

2024-жылдын 19-мартында Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Кыргыз Республикасынын Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгына кызматтык иш сапары менен барды.

Генерал-лейтенант Б. Бекболотов Баткен облусунун аймагында жайгашкан кошуундардын, бөлүктөрдүн жана мекемелердин аскердик шаарчаларында болуп, күжүрмөн даярдыктын жүрүшү, аскер кызматчыларынын, жарандык кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө түзүлгөн шарттары  менен таанышты.

Мындан тышкары, Коргоо министри аскер шаарчаларынын инфраструктурасынын абалы менен таанышып, жаңы курулуп жаткан аскер шаарчаларынын курулуш иштеринин жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурду.

Коргоо министри иш сапарынын жыйынтыгын жеринде чыгарып, орун алган кемчиликтер боюнча тапшырмаларды берип, чечилбей жаткан тапшырмалардын жолдорун жана мындан аркы материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу базанын деңгээлин аныктады.

Ошондой эле, иш сапарынын жүрүшүндө генерал-лейтенант Б. Бекболотов Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин өздүк курамын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн келе жаткан «Нооруз» майрамы менен куттуктады.