Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жетекчилик

КОРГОО МИНИСТРИ

Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич

Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич

1964-жылдын 15-октябрында Кыргыз ССРинин Ысык-Көл областында туулган, кыргыз.

Орто мектепти аяктагандан кийин, 1983-жылдан 1985-жылга чейин Совет Армиясынын катарында (Ортоазиялык аскер округу) анык аскерде кызмат кылат.

1985-жылы анык аскердик кызматын аяктаган соӊ, Ленинграддагы артиллериялык командалык жогорку окуу жайга тапшырып, 1989-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Алган аскердик билимине жараша, аскердик кызматын негизги офицердик командалык кызматтарда өткөн.

1989 – 1992-жылдары Артиллериялык взводдун, батареянын командири (СССРдин КМ Батыш аскердик топ).

1992-жылдын ноябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызматын улантат.

1992 – 1999-жылдары – Артиллериялык батареянын командири, штаб башчысы, дивизион командири, артиллериянын башчысы, артиллериялык полктун командири, гарнизондун аскер команданты.

1999 – 2001-жылдары – Аскер артиллериялык университетинин угуучусу (Санкт – Петербург ш. РФ).

2001 – 2007-жылдары – артиллериялык кошуундун башчысы, өзүнчө аскер бөлүктүн командири.

2007 – 2009-жылдары – оперативдик бөлүмдүн башчысы, КР Улуттук гвардиянын кол башчысынын биринчи орун басары – штаб башчысы.

2012 – 2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун башчысы.

2014 – 2015-жылдары Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын академиясынын угуучусу.

2015 – 2017-жылдары Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор И.В. Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин штаб башчысы – кол башчынын биринчи орун басары.

2021-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министри болуп дайындалды.

Үй бүлөлүү, эки баланын атасы.