Башкы
>
Жаңылыктар
Генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Жалал-Абад жана Ош облустарынын ардагерлери менен жолугушту
2023-жылдын 27-ноябрынан 2-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Жалал-Абад жана Ош облустарынын ардагерлеринин, коомдук уюмдарынын, жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов дүйнөдөгү жана региондогу аскердик-саясий абал, Кыргыз Республикасынын жана Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралар менен тааныштырды.
Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө аскер кызматкчыларын турак-жай менен камсыз кылуу, согуштук аракеттердин ардагерлеринин социалдык пакетин жогорулатуу маселелери талкууланды.
Генерал-лейтенант Б.Бекболотов Коргоо министрлигинин жетекчилиги алдыда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана согуштук аракеттердин ардагерлеринин турак-жай шарттары, пенсиялык жеңилдиктери жана артыкчылыктары менен байланышкан бардык аспектилерди тыкыр көзөмөлдөп, аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө тийиштүү көңүл бураарын ишендирди.
Мындан тышкары, коргоо министри аскердик инфраструктуранын абалы жана кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты.