Башкы
>
Жетекчилик
КУРАЛДУУ КҮЧТӨРДҮН БАШКЫ КОЛБАШЧЫСЫ
Жапаров Садыр Нургожоевич
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында 1968-жылдын 6-декабрында туулган.
Билими жогорку. 1991-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жана спорт институтун аяктаган. 2006-жылы Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин аяктап, «юрист» адистигине ээ болгон.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1986–1987-жж. — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Санташ» коллективдүү чарбасынын жетекчиси;
1987–1989-жж. — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1989–1995-жж. — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Санташ» коллективдүү чарбасынын жетекчиси;
1996-жж. — Ички иштер министрлиги;
1996–2000-жж. — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Солтонкул» дыйкан чарбасынын төрагасынын орун басары;
2000–2002-жж. — «Гузель-МХААД» ЖЧК башкы директору;
2002–2005-жж. — «Нурнефтегаз» ЖЧК башкы директору;
2005–2007-жж. — Кыргыз Республикасынын III чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты;
2007-2009-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
2008–2009-жж. — Улуттук коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин комиссары;
2009–2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору;
2010–2013-жж. — Кыргыз Республикасынын IV чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты;
2020-жылдын октябрь айынан тартып — Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу.
2021-жылдын 28-январынан тартып — Кыргыз Республикасынын Президенти.