Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жетекчилик

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ

Тердикбаев Эрлис Джекшенович

Тердикбаев Эрлис Джекшенович

Генерал-майор  Тердикбаев Эрлис Джекшенович. 

Коргоо министринин биринчи орун басары.

1969-жылдын 27-майында Чүй областынын Ысык-Ата айылында туулган.

1990-жылы Алма-Атадагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайды аяктаган.

1993-жылдан 2002-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө ар кандай кызматтарда кызмат өтөгөн.

2004-жылы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпыаскердик академиясын бүтүргөн.

2004-жылдан 2006-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө командалык кызматтарыда кызмат өтөгөн.

2006-жылдан 2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер институтунда кызмат өтөгөн.

2007-жылдан 2010-жылга чейин Коргоо министрлигинде жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабында жетектөөчү кызматтарда кызмат өтөгөн.

2010-жылдан 2013-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө ар кандай командалык кызматтарды кызмат өтөгөн.

2014-жылы Россия Федерациясынын Генералдык штабынын аскердик академиясын бүтүргөн.

2014-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө командалык кызматтарда кызмат өтөгөн.

2017-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин колбашчысы болуп дайындалган.

2018-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

2021-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругунун менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы дайындалган.

2023-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Каармандыгы жана эл аралык террористер менен күрөшүүдө Мекенди коргоого катышкандыгы үчүн III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.