Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жетекчилик

Коргоо министринин биринчи орун басары

Шаршеев Талайбек Имашович

Шаршеев Талайбек Имашович

17.02.1969

 

Полковник Шаршеев Талайбек Имашович 1969-жылдын 17-февралында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда төрөлгөн. 

1991-жылы Россия Федерациясынын   артиллерия маршалы              М.Н. Чистяков атындагы Казань шаарындагы Жогорку аскердик командалык-инженердик аскерлеринин ракеталык  окуу жайын аяктаган. 

1991–1993-жылдары Сибирь аскер округунда взвод командиринен тарта бир катар командалык кызматтарда кызмат өтөгөн. 

1993-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө ар кандай жетекчилик кызматтарда кызмат кылган. 

2021-2024- жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу–мобилизациалоо башкармалыгынын башчысы - Генералдык штабдын башчысынын орун басары болуп кызмат өтөгөн. 

Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскердик академиясын ийгиликтүү аяктаган. 

2025-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Сыйлыктары: «Эрдик» медалы, «Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы» ж.б. ведомстволук медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.