Башкы
>
Жетекчилик
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары
Отонбаев Тариэль Зарылбекович
20.02.1972
Полковник Отонбаев Тариэль Зарылбекович 1972-жылдын 20-февралында Бишкек шаарында төрөлгөн.
1992-жылы Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы Жогорку артиллериялык командалык (танкалык факультети) окуу жайын ийгиликтүү бүтүргөн.
1992-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө ар кандай командалык кызматтарда кызмат өтөгөн.
1999-2000 жылдары Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо максатында жүргүзүлгөн Баткен окуяларына катышкан.
2003-жылы Россия Федерациясынын Аскердик-дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
2023-жылы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскердик академиясын ийгиликтүү аяктаган.
Сыйлыктары: “Мыкты аскердик кызматы үчүн ” II, I – даражадагы медалы, “Аскердик каармандык” I – даражадагы медалы жана “Эрдиги жана тайманбастыгы үчүн 1999-2000” медалдары менен сыйланган .
2025-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Үй-бүлөлүү, үч уул, үч кыздын атасы.