Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жетекчилик

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН ГЕНЕРАЛДЫК ШТАБЫНЫН БАШЧЫСЫ - КОРГОО МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ

Мукамбетов Руслан Мустафаевич

Мукамбетов Руслан Мустафаевич

Генерал-майор Мукамбетов Руслан Мустафаевич.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары.

1971-жылдын 3-мартында Фрунзе шаарында төрөлгөн.

1992-жылы Ташкенттеги жалпы аскердик командалык жогорку окуу жайын бүтүргөн.

1992-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө взвод командири кызматынан аскер бөлүктүн командири кызматына чейин кызмат өтөгөн.

2001-2003-жылдары Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясынын толук курсун аяктаган.

2009-2010-жылдары ЖККУнун Бириккен штабында Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүндө кызмат өтөгөн.

2011-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабында ар кыл жетекчилик кызматтарда кызмат өтөгөн.

2017-жылы РФ КК Генералдык штабынын алдындагы жогорку аскердик академиясынын курсун бүтүргөн. 

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк – Батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысы болуп дайындалган.

2023-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары – Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк – Батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысы болуп дайындалган.

2023-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Мыкты кызматы жана милдетин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн «Даңк», «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» ж.б. ведомстволук медалдар менен сыйланган.

Үй бүлөлү, үч уулдун атасы.