Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жетекчилик

Коргоо министринин орун басары

Кулмурзаев Алмазбек Абдиллаевич

Кулмурзаев Алмазбек Абдиллаевич

16.03.1976

Полковник Кулмурзаев Алмазбек Абдиллаевич 1976-жылдын 16-мартында Ош облусунда  төрөлгөн.  

1994-жылы Кыргыз Улуттук аскер лицейин бүтүргөн.

1998-жылы Россия Федерациясынын  Коргоо Министрлигинин Санкт-Петербург шаарындагы С.М. Киров атындагы Жогорку командалык окуу жайын аяктаган.

2013-жылы Россия Федерациясынын Жалпы аскердик академиясын бүтүргөн. 

1998-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө ар кандай командалык кызматтарда кызмат өтөгөн.

2025-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары болуп дайындалды.

Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.