Башкы
>
Жетекчилик
Коргоо министринин орун басары-Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысы
Карасартов Алмазбек Оганович
Полковник Карасартов Алмазбек Оганович
Коргоо министринин орун басары-Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысы.
1976-жылдын 13-октябрында Ош облусунун Кара-Кулжа айылында туулган, улуту кыргыз.
1997-жылы Чирчик жогорку танкалык командалык-инженердик окуу жайын аяктаган.
1997-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүндө ар кандай кызматтарда кызмат өтөгөн.
2012-жылы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын аяктаган.
2012-2014-жылдары Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүндө жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын командалык кызматтарында кызмат өтөгөн.
2014-жылдын октябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы оперативдик башкармалыгында кызмат өтөгөн.
11-февраль 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысы болуп дайындалган.
19-январь 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин колбашчысы болуп дайындалган.
2021 – жылдын мартынан 2022-жылдын ноябрына чейин-Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары.
"Эрдик" жана башка ведомстволук медалдар менен сыйланган.
3-ноябрь 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.