Башкы
>
Жаңылыктар
Жогорку билимдүү жоокерлерден запастагы офицерлерди даярдоо боюнча бир айлык окуу жыйыны соңуна чыкты
20.10.2023
1926
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн жогорку билимдүү жоокерлерден запастагы офицерлерди даярдоо боюнча бир айлык окуу жыйыны соңуна чыкты.
Экзамендердин жүрүшү жана лейтенант аскер наамын тапшыруу салтанаттуу аземи 2023-жылдын 20-октябрында КР КК Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүндө жүрдү.
Жыйындын катышуучулары окуу жыйынынын учурунда взвод командиринин кызматтык ишмердүүлүгү жана аскер илиминин теорияларын ж.б. окуп, аларды практикада бышыкташты.
Жыйынтыгында жоокерлер комплекстүү экзамен тапшырышып, аны ийгиликтүү тапшыргандар гана офицердик “запастагы лейтенант” аскер наамына ээ болушту.