Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

ЖККУнун “Өз ара аракеттенүү - 2024”, “Издөө-2024” жана “Эшелон-2024” машыгууларынын катышуучулары Кыргызстанга келишүүдө

04.09.2024
379

3-6-сентябрь аралыгында Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун (ЖККУ) Ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн (ЫЖКЖК) "Өз ара аракеттенүү-2024" командалык-штабдык машыгуусунун жана "Издөө-2024", "Эшелон-2024" атайын машыгууларынын катышуучулары Кыргыз Республикасына келе башташты.

Машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскердик контингенттери катышат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында ЖККУнун аскерлеринин (Жамааттык күчтөрдүн) ар кандай компоненттерин даярдоону бириктирүүчү машыгуулар өткөрүлөт: ЖККУнун ЫЖКЖК "Өз ара аракеттенүү-2024" машыгуусунда куралдуу чыр-чатакты чечүү боюнча биргелешкен операцияны даярдоо жана өткөрүү маселелерин иштеп чыгууга багытталган; "Издөө-2024" атайын машыгуусунун жүрүшүндө ЖККУ ЫЖКЖК кызыкчылыгында чалгындоону уюштуруу жана жүргүзүү маселелери иштелип чыкса, ал эми "Эшелон-2024" атайын машыгуусунда материалдык-техникалык камсыздоону уюштуруу маселелерин иштеп чыгуу каралган.

Ошентип бүгүн, 4-сентябрда Беларусь Республикасынын, Россиянын жана Тажикстандын аскердик контингенттери келишти. Аскердик контингенттер Кант аэродромуна аба транспорту менен келишкен.

Аэропорттогу жумушчу жолугушуу иш-чаралары өткөрүлгөндөн кийин аскерлер Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик транспортторунда машыгуу өтүүчү районго жүрүш жасашты.

Алар Балыкчы шаарына келишкенде салтанаттуу тосуп алуу болуп, ЫЖКЖК ар тараптуу камсыздалышы уюштурулду.

 

ФОТОРЕПОРТАЖ