Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

ЖККУга мүчө мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүнүн Эл аралык аскердик кызматташтык бөлүмдөрүнүн башчыларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү

04.03.2025
1440

2025-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын аймагында (Бишкек ш.) КР Коргоо министрлигинин Эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы полковник Рустам Ормокоевдин төрагалыгы астында ЖККУга мүчө мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүнүн Эл аралык аскердик кызматташтык бөлүмдөрүнүн башчыларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда КР Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Эрлис Тердикбаев куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү.

Өз сөзүндө уюмдун алкагында ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын жогорку өнүгүү тенденциясын белгилеп, ЖККУнун өнүктүрүүнүн келечектеги багыттарын аныктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУга төрагалык кылуу мезгилиндеги иш-чараларга, анын ичинде ЖККУнун коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынын Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү боюнча даярдык маселелери деталдуу талкууланды.