Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

ЖККУ мүчө-мамлекеттердин темир жолдорунун техникалык калкалоонун бирдиктүү системасын түзүү боюнча мамлекеттер аралык жумушчу топтун отуруму башталды

19.06.2024
841

2024-жылдын 19-июнунда  Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык калкалоонун бирдиктүү системасын түзүү иш-чараларын аткаруу боюнча мамлекеттер аралык жумушчу топтун отуруму өтүүдө.

Отурумдун ишине ЖККУга мүчө мамлекеттер болгон -Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Россия Федерациясынын өкүлдөрү, ошондой эле «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышууда.

Мамлекеттер аралык жумушчу топтун жыйынына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темиров катышууда.

Отурумда  темир жолдорду техникалык жактан калкалоонун  учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө баяндамалар угулду, ошондой эле талкууланып жаткан маселелер боюнча уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн конструктивдүү пикирлери менен алмашуусу орун алды.

Отурум эртең, 20-июнь, 2024-жылы аяктайт.