Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

ЖККУ мүчө мамлекеттердин аскердик кадрларды биргелешип даярдоо жана илимий ишти координациялоо боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өз ишин баштады

21.08.2025
195

2025-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин аскердик кадрларды биргелешип даярдоо жана илимий ишти координациялоо боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өз ишин баштады.
Бул жыйын Кыргыз Республикасынын ЖККУдагы төрагалыгынын алкагында өтүүдө.

Жумушчу топтун жыйынынын ачылышында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев: 
«...Бүгүнкү иш-чара — ЖККУнун алкагында аскердик билим берүү жана илимди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча ар кандай көз караштарды жана ыкмаларды билдирүүгө ыңгайлуу аянтча болуп саналат», — деп баса белгиледи.

Бул иш-чаранын алкагында ЖККУга мүчө мамлекеттеринен аскердик билим берүү тармагындагы адистердин, Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда биринчи жолу аскерий-илимий конференция өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, жумушчу топтун жыйыны 12-жолу өткөрүлүп жатат. Быйылкы жыйын 21-августта Бишкек шаарында генерал-майор Эрлис Жекшенович Тердикбаевдин жетекчилигинде ачылышы илимий конференция менен башталып, 22-августта Ысык-Көл облусунда ЖККУнун аскердик кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү жана аскерий илимди өнүктүрүү маселелерин талкуулоо уланмакчы.