Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Жеңиштин 80 жылдыгына карата Панфилов районунун окуучулары арасында спартакиада өткөрүлдү

25.04.2025
423

2025-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 41597  аскер бөлүгүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган окуучулар арасындагы спартакиада болуп өттү.

Иш-чара 41597 аскер бөлүгү Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурулуп, ага райондун жалпы билим берүү мекемелеринен 6 команда катышты.

Спартакиаданын ачылыш аземине  41597 аскер бөлүгүнүн командири полковник Руслан Токолдошев, Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бекмат Масаидов катышып, окуучуларга ийгиликтерди каалады.

Мелдештин жүрүшүндө окуучулар саптык даярдык, физикалык жана медициналык даярдык боюнча күч сынашты.Окуучулардын аскердик тартиби жана командалык биримдиги дагы каралды.

Спартакиадага Панфилов районунун ардагерлери, мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү жана аскер бөлүктүн командирлери катышып, калыстык кылышты. Жеңүүчүлөр аныкталып, атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул иш-чара жаш муундун патриоттук духун бекемдөөгө, аскердик даярдыкка болгон кызыгуусун арттырууга жана Улуу Жеңиштин тарыхын даңазалоого багытталган.