Башкы
>
Жаңылыктар
Жеңиштин 80 жылдыгына арналган митинг-реквием
2025-жылдын 9-майында Бишкек шаарынын "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.
Митингге Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, КР Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлери, коомдук ишмерлер, борбордун тургундары жана меймандары катышты.
Согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин жана бардык кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев куттуктады.
Согуштан кайтпайкалган жоокерлерди эскерип, өчпөс отко гүлчамбарлар коюлуп, салют тобу үч жолу ок атышты.
Генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин, генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Куралдуу Күчтөрдүн Аскер институтунун, генерал-майор Э. Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин Академиясынын, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүкчөлөрүнүн курамындагы Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу саптык жүрүшү болду.
Бул күнү "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги курал-жарактардын жана аскердик техниканын легендарлуу экспонаттарынын көргөзмөсү уюштурулду. Алсак, талаа ашканалары жана чатырлар жайгаштырылып, анда ардагерлерге салттуу жоокер боткосу, кара буудай наны берилди.
Ошондой эле, борбордун "Жеңиш" аянтында Коргоо министрлигинин Армиянын Борбордук үйүнүн жана шаардык мэриянын маданият башкармалыгынын чыгармачыл тобу концерттик программасын тартуулады.
Салтанаттуу иш-чара борбор калаанын түштүк тарабында башталып, өчпөс оттун алдында аяктаган "Өлбөс полк" аскердик-патриоттук акциясын өткөрүү менен уланды.
Кечинде Бишкек шаарында Ата Мекендик жана россиялык эстрада жылдыздарынын катышуусунда "Жеңиш ырлары" аттуу чоң майрамдык концерт болот.