Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Жеңиш паркында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Бишкек гарнизонунун жоокерлеринин, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин, мектеп окуучуларынын катышуусу менен митинг болуп өттү

22.02.2024
3323

2024-жылдын 22-февралында Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Бишкек гарнизонунун жоокерлеринин, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин, мектеп окуучуларынын катышуусу менен митинг болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Кыргызстанда аккредитацияланган аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, ошондой эле борбор калаанын тургундары катышты.

Митингдин алдында Коргоо министри генерал-лейтенант Б.А. Бекболотов баштаган Коргоо министрлигинин жетекчилери “аскердик каармандык” монументине гүлчамбар койду.

Коргоо министри өз сөзүндө “Ата Мекенди коргоочулардын күнү бардык муундагы жоокерлердин чыныгы элдик майрамы экендигин белгилеп, жер бетинде жашап жаткан ар бир адамдын парзы – бул биздин жана урпактарыбыздын келечеги кимдин эрдиги менен келгендиги эскерүү биздин парзыбыз”, - деди.

Ошондой эле Коргоо министри, “Жалпы мамлекеттик масштабда Мекенди коргоочулардын күнүн белгилөө мамлекеттин, коомдун өз армиясына болгон терең урмат-сыйын, анын күжүрмөн эрдигин, баатырдыгын жана тайманбастыгын таануу болуп саналат”, - деп баса белгиледи.

Андан соң Коргоо министри “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жоокерлери Ата Мекенди коргоочулардын бардык муундарынын мыкты салттарын татыктуу сактап, аны улантышууда. Алар үчүн аскердик милдетке, антка, аскердик достукка берилгендиги ата-бабалардын алдында ыйык милдети.  Алар өздөрүнүн аскердик милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарууда туруктуулуктун жана жан аябай кызмат кылуунун, кесипкөйлүктүн жана мекенчилдиктин үлгүлөрүн көрсөтүүдө”.

Сөзүнүн аягында Коргоо министри иш-чаранын катышуучуларына чың ден-соолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады, ал эми Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына даярдык көрүүдө кесипкөйлүктү жана аскердик чеберчиликти өркүндөтүүдө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын соңунда  “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамын сыйлоо жөнүндө” буйругу жеткирилип, Коргоо министрлигинин кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылары сыйланды.

Мекенди коргоочулар күнүнө арналган митинг Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу саптык жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн армиясынын борбордук үйүнүн чыгармачыл тобунун майрамдык концерти менен аяктады.