Башкы
>
Жаңылыктар
Жеңиш баатырларынын ысымдары урпактардын элесинде түбөлүккө сакталат
2024-жылдын 11-июнунда Калининград шаарында, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу кыргыз баатырларынын бири Абдыкерим Бактыгуловдун атын түбөлүккө калтыруу максатында эстелик тактасы ачылды.
Мемориалдык тактанын ачылышы Калининград шаарынынын Большое Исаково айылында болду. Бул жерде Баатырлардын Даңк аллеясы жайгашып, анда гранит плиталарына ар кайсы улуттагы 16 жоокерлердин ысымдары чегилген.
Идеянын автору, “Ихсан” маданий-агартуу борборунун жетекчиси Явер Гусейнов иш-чарада “...Биз Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине кайрылдык. Алар бизге азыркы Калининград облусунун тарыхы менен байланышкан тогуз жоокерди беришти. Биз Абдыкерим Бактыгуловду тандадык. Бизге анын тагдыры жакты”-деп Абдыкерим Бактыгулов согуштагы эрдиктерин айтып берди.
Ошондой эле, мемориалдык тактанын ачылыш аземинде «Ала-Тоо Кыргыз маданиятын өнүктүрүү» Калининград регионалдык коомдук уюмунун төрагасы Канат Каримов катышып, Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди талкалоого көп улуттуу салым кошкондор кандай эскерилээрин айтып берди.
Ал сөзүндө «... биздин жаңы тарыхыбызда - согуш жылдарындагы байланыштырган жип үзүлбөш керек. Калининграддыктар жана биздин мекендештер Мекенибиз жана жерибизде тынчтыкты сактоо үчүн өмүрүн мекенге кызмат кылууга арнаган чоң аталарын эстеп, алар менен сыймыктанышыбыз маанилүү. Биз фронтчу жоокерлерибиздин жана тыл эмгекчилеринин эрдиги менен ар дайым сыймыктанабыз. Эң чоң салгылашуулардын отунда жаралган Жеңиш - урпактардын эсинде түбөлүккө сакталат! -деп белгиледи.
Абдыкерим Бактыгулов 1922-жылы 1-январда Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулган. 1941-жылдан тарта Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда Чыгыш Пруссияда үч жолу жарадар болгон, бирок кызматтан четтелүүдөн баш тартып, Конигсбергге (азыркы Россиянын Калининградына) легендарлуу чабуулга катышкан. Улук сержант Абдыкерим Бактыгулов Ата Мекендик согуштун II даражадагы (1944) жана III даражадагы Даңк (1945) ордендери, «Кенигсбергди алганы үчүн» жана «1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган». Жеңиштен кийин фронтовик Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетинде иштеген.