Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Жазгы чакыруунун алкагында аскерге чакырылуучуларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында аскер кызматын өтөө үчүн салтанаттуу узатуусу болуп өттү

12.03.2024
3240

Жарандарды аскер кызматына жазгы чакыруунун алкагында 2024-жылдын 12-мартында Республикалык топтоо пунктунда аскерге чакырылуучуларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында аскер кызматын өтөө үчүн салтанаттуу узатуусу болуп өттү.

Чакырылуучулар КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бирикмелеринде жана аскер бөлүктөрүнө кызмат өтөөгө узашты.
Иш-чарага КР КК ГШ Башкы уюштуруучу-мобилизациялык башкармалыгынын, аскер комиссариаттардын өкүлдөрү, КК ардагерлери, ошондой эле чакыруучулардын жакындары жана туугандары катышты.

Ушундай эле жаңы толуктоону узатуу боюнча иш-чаралар Ош, Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларында өттү.

Кыргыз Республикасында жарандарды аскер кызматына чакыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2024-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык жүргүзүлөт.

Жарандарды аскер кызматына чакыруу боюнча жазгы кампаниясы үстүбүздөгү жылдын апрелдин аягына чейин созулат.