Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Жаш жоокерлердин ант берүү аземи болуп өттү

18.11.2023
4319

2023-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүндө күзгү чакырык менен келген жаш жоокерлердин салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү.

Бир ай бою тажрыйбалуу офицерлердин, старшиналардын жана сержанттардын жетекчилиги астында жаш жоокер күчөтүлгөн программадан өтүштү. Алсак, белгиленген күн тартибин жана жалпы аскердик уставдарды окуп, тактикалык жана саптык даярдыгын өздөштүрүп, аскердик милдеттерин андан ары аткарууга даярданышты.

Иш-чара салтанаттуу саптык жүрүш менен аяктады.