Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин жыйыны болуп өттү

28.05.2025
438

2025-жылдын 28-майында Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн ЖККУнун Коргоо министрлеринин кеңешине ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстандын коргоо ведомстволорунун жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара өчпөс отко гүл коюу менен башталып, ЖККУнун алкагындагы отурумдун күн тартибиндеги маселелер каралды. Алардын ичинде ЖККУнун жамааттык күчтөрүнүн заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүүсү, аскерлердин күжүрмөн даярдыгын жакшыртуу жана 2026-2030-жылдарга ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик кызматташуусун өнүктүрүү планы талкууланды жана жактырылды.

Мындан тышкары, жыйындын алкагында ЖККУнун коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда бир катар эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү.

Жыйындын соңунда төрагалык кылган Коргоо министри Руслан Мукамбетов катышуучуларга ыраазычылык билдирип, кезектеги отурумдун жыйынтыктары ЖККУнун жамааттык коопсуздугун бекемдөө жана ага мүчө болгон мамлекеттердин ортосундагы аскердик кызматташтыкты тереңдетүү боюнча көз караштардын жана принциптердин биримдигин дагы бир жолу тастыктагандыгын, ошондой эле жамааттык күчтөрдү жана каражаттарды даярдоодо башкаруу системасын өркүндөтүү маанилүү багыт экендигин баса белгиледи.

Жыйындын соңунда ЖККУнун коргоо ведомстволорунун жетекчилерин Кыргыз Республикасынын Президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы С. Н. Жапаровдун кабыл алуусу күтүлүүдө.