Башкы
>
Жаңылыктар
Ысык-Ата районунун Боз-Бармак айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына эстелик тактасы ачылды
Бүгүн, 2025-жылдын 7-майында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөнүн комплекстик иш-чараларынын алкагында Ысык-Ата районунун Боз-Бармак айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин ысымдары жазылган эстелик тактасынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Улуттук гвардиянын ардак кароол ротасынын аскерлери, Ысык-Ата районунун администрациясынын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө генерал-майор Эрлис Тердикбаев сөз сүйлөп, бул иш-чара жаш муунду мекенчилдикке тарбиялоого зор салым кошоорун жана аталардын эрдиги эч качан унутулбай турганын баса белгиледи.
Боз-Бармак айылынан Улуу Ата Мекендик согушка 50гө жакын жаран аттанган, алардын жарымынан көбү майданда курман болгон. Бул эстеликтин ачылышы — бул алардын эрдигин эскерүү жана келечек муунга тарыхый мурастарды жеткирүү максатында уюштурулган маанилүү иш-чара болуп саналат.