Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Волейбол боюнча турнир башталды

22.01.2025
158

Бүгүн, 2025-жылдын 21-январында, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Аскердик спорт клубунда” Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынын жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана өзүнчө бөлүмдөрүнүн арасында Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата волейбол боюнча турнир башталды.