Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад

08.05.2025
313

2025-жылдын 8-майында борбор калаабыздын Ала-Тоо аянтында Улуу 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу аскердик парад болуп өттү.

Парадды Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев жетектеп, парадды Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов кабыл алды.
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган бул парад көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы катышуучулардын саны жана тартылган аскердик техникалардын саны, сапаты боюнча эң ири парад болуп калды. 

Парадга 3000ге жакын аскер кызматчылары жана 120дан ашык аскердик жана атайын техника, анын ичинде оор бронетехника, артиллериялык жабдуулар, абадан коргонуу каражаттары жана авиация катышты. Техникалык бөлүктө улуттук бюджеттин эсебинен алынган заманбап үлгүдөгү техникалар көрсөтүлдү.
“Ала-Тоо” аянтында биринчи жолу “М2-КМ”, “Тор”, “Печора-2БМ” зениттик-ракеталык комплекстери жана С-300 ПС системасы көрсөтүлдү.
Параддын аба бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кант шаарындагы биргелешкен авиабазанын авиациялык күчтөрү тартылды.

Салтанаттуу иш-чарага Президент – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Колбашчысы Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилиги, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана аскер кызматчылары, башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору күбө болушту.
Аскердик парад бардык борбордук телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.

Бул парад Улуу Ата Мекендик согуштун бардык баатырларын, тыл эмгекчилерин урматтоонун символу катары, алардын эрдигин эскерүү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын, машыгуу деңгээлин жана Мекенди коргоого болгон жогорку даярдыгын көрсөтүүчү маанилүү окуялардын бири болду.

ФОТОГАЛЕРЕЯ