Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 79 жылдыгына карата митинг-реквиемдин генералдык машыгуусу болуп өттү
07.05.2024
453
2024-жылдын 7-майында Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Бишкек гарнизонунун аскерлеринин катышуусунда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 79 жылдыгына карата митинг-реквиемдин генералдык машыгуусу болуп өттү. Машыгунун жүрүшүнө коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов жана орун басарлары байкоо жүргүзүп, ага Ички иштер министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын, Коргоо министрлигинин жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскерлери катышты.