Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетов 101 жаш курагында дүйнө салды

23.12.2024
131

Бүгүн, 2024-жылдын 22-декабрында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетов 101 жаш курагында дүйнө салды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2024-жылдын 23-декабрында туулган жери Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик оркестринин жана Ардак эскортунун катышуусунда өткөрүлмөкчү.