Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик параддын генералдык машыгуусу өткөрүлдү

06.05.2025
122

2025-жылдын 6-майында Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик параддын генералдык машыгуусу ийгиликтүү өткөрүлдү.

Машыгууга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Улуттук гвардиянын жана башка күч түзүмдөрүнүн аскер кызматчылары катышты.

Ала-Тоо аянтында сап түзгөн жоокерлер жана заманбап аскердик техникалар майрамдык салтанатка даяр экендигин көрсөтүштү.

Эске сала кетсек, аскердик парад 2025-жылдын 8-майында өтөт.

СҮРӨТТӨР