Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын майрамдоонун алкагында Коргоо министрлигинин жетекчилиги согуштун ардагерлерин жашаган жеринен куттукташты

08.05.2024
263

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын майрамдоонун алкагында Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жашаган жеринен куттукташты.

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов согуштун катышуучусу, Германия менен Японияны жеңгендиги үчүн медалдар менен сыйланган саналуу ардагерлердин бири ефрейтор Пухарев Василий Дмитриевичти куттуктады.

Генерал-лейтенант Б. Бекболотов ардагерди согуштан кийинки жаркын келечектин курулушу үчүн алардын кошкон салымын, эрдигин жана эмгегин баса белгилеп, Василий Дмитриевичке символикалык азык-түлүк топтомун тапшырды.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин даректүү куттуктоо иш-чарасына Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов, Коргоо министринин орун басары полковник Эркин Осмонов, жана КР КК ГШ башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темировдор катышты.

Ал эми Ош шаарында Коргоо министринин орун басары – Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысы полковник Алмазбек Карасартов түштүк жергесиндеги Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери, улук сержант Касымбай Жолдошевди куттуктады.

Белгилей кетсек, мындай даректүү куттуктоолор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бардык аскер гарнизондорунда өткөн.