Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңишинин 79 жылдыгын утурлай Чүй облусунун Сокулук районундагы Асылбаш айылында жеңиш күнүнө карата иш-чара болуп өттү

19.04.2024
3170

Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңишинин 79 жылдыгын утурлай Чүй облусунун Сокулук районундагы Асылташ айылында жеңиш күнүнө карата иш-чара болуп өттү.

Иш-чара Эл аралык полиция ассоциациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюштурулду. Ага Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Ички иштер министринин орун басары генерал-майор Эркебек Аширходжаев, Президенттин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, ардагер генералдар жана мектеп окуучулары катышты.

Иш-чарада Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине гүл коюу жана мекен коргоочулардын урматына үч жолу залп менен ок атылды. 

Ошондой эле, Биримкул атындагы орто мектебине "Калашников" окуу автоматтары, окуу гранаталары жана противогаздар тапшырылды.

Иш-чара мектеп окуучулардын саптык көндүмдөрүнүн көргөзмөсү жана концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Эскерте кетсек колдонмо окуу куралдары буга чейин Талас облусунун Боо-Терек айылына, Чолпонбай айылына, Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылына жана Тору-Айгыр айылдарна тапшырылган.