Башкы
>
Жаңылыктар
Учкучсуз учуучу аппараттар, экипировкалар, медицинакаражаттары жана ок атуу куралдарынын көргөзмөсү болду
16.11.2023
3762
Оперативдик жыйындын алкагында куралдарды жана аскердик техникаларды оңдоо борбордук базасын, окуу ордуларында блокпосттун элементтерин, КР КК куралдануусунда турган учкучсуз учуучу аппараттар, экипировкалар, биринчи медициналык жардам көрсөтүү каражаттары жана жаңы келген ок атуу куралдарынын көргөзмөсү болду.
Мындан тышкары оперативдик жыйындын алкагында катышуучуларга атайын багыттагы аскерлердин барымтадагыларды бошотуу, куралдуу мыйзамсыз түзүмдү жок кылуу элементтерин камтыган түнкү тактикалык-көрсөтмөлүү сабактарды тартууланды.