Башкы
>
Жаңылыктар
Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгында Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 35-жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү
17.02.2024
1908
2024-жылдын 15-февраль күнү Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 35-жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш чара Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында өтүп, Ооган согушунун ардагерлери, Коргоо министринин орун басары - Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын кол башчысы полковник Алмазбек Карасартов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Ооган согушунда курман болгондор үчүн тургузулган эстелик алдына гүл чамбарларды коюшту.