Башкы
>
Жаңылыктар
Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгында “Мекенди коргоо – ыйык парз” аталышындагы тегерек стол болуп өттү
2025-жылдын 20-февралында Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгында “Мекенди коргоо – ыйык парз” аталышындагы тегерек стол болуп өттү.
Иш-чара Мекенди коргоочунун күнүнө жана Улуу Ата-Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик колбашчылыгынын колбашчысынын демилгеси менен уюштурулуп, ага Коргоо министринин орун басары – Түштүк-Батыш оперативдик колбашчылыгынын колбашчысы полковник Карасартов Алмазбек Оганович, колбашчынын орун басары, аскер кызматкерлери, жоокерлер, Афган согушунун жана Баткен окуясынын ардагерлери, мектеп окуучулары катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенди сүйүүгө багытталган сабактарды уюштуруу жана аларды патриоттуулукка тарбиялоо жаатындагы маселелер талкууланып, аталган темада баяндамачылар өз докладдарын жеткиришти.