Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Тажикстандын аскердик контингенти “Чек-2025” машыгуусуна катышуу үчүн келди

14.09.2025
69

2025-жылдын 14-сентябрында Тажикстандын аскердик контингенти «Чек-2025» машыгуусуна катышуу үчүн 20636 аскер бөлүгүнүн аймагына келишти. 

Контингентти машыгуу жетекчилиги салтка айланган боорсок менен жылуу тосуп алып, жайгашуу ордулары менен тааныштырышты.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 17-20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу талаасында Борбор Азиянын тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрү менен «Чек-2025» командалык-штабдык машыгуусу өтөт.

ЖККУга мүчө мамлекеттеринин аскердик контингенттеринин машыгуу өткөрүүчү аймакка келишүү процесси 17-сентябрга чейин пландалган.