Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Талас шаарында “Мекен артык өмүрдөн” аттуу концерт болуп өттү

23.05.2024
463

2024-жылдын 21-майында Талас шаарынын борбордук аянтында, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнүн урматына Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан дайындалган “Мекен артык өмүрдөн” аттуу концерти болуп өттү.

Концертке КР КК Армиянын Борбордук үйүнүн, Регионалдык Армия үйүнүн жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Өзүнчө аскердик көрсөтмөлүү оркестринин өздүк курамы катышты.

Концерттик программа 5-июнга чейин Кыргызстандын башка региондорунда да өткөрүлмөкчү.