Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Талас облусунда "Коопсуздук-2024" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтөт

19.04.2024
3499

2024-жылдын 19-апрелинде "Коопсуздук-2024" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун штаб жетекчилиги жана окуу-машыгууда үйрөнүүчү (тажрыйба топтоочу) башкаруу органдары машыгуу өткөрүлүүчү аймакка жөнөп кетишти.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык ушул жылдын 23-25-апрелинде Талас облусунда, Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында КР Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу органдары жана башка аскердик түзүмдөр, мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, ошондой эле КР министрликтери жана ведомстволору менен биргеликте "Аскердик абал шартында мамлекеттик жана аскердик башкаруу огандарынын аймактык коргонууну жана күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну уюштура билүү иши" деген темада биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык "Коопсуздук-2024" машыгуусу болуп өтөт.

Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык "Коопсуздук-2024" окуу-машыгууларга КР Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары, Талас, Ош жана Баткен облустарынын мамлекеттик органдары жана өзүн өзү башкаруу органдары, ИИМнин, ӨКМнин жана УКМКнын аймактык бөлүкчөлөрү, ошондой эле ушул облустардын резервдик түзүлүштөрү тартылмакчы.