Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Спорттун эркектер жана айымдар арасында кол уруш кармашы боюнча мелдешинин ачылыш аземи болуп өттү

26.02.2024
377

2024-жылдын 26-февралдында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары арасында “Скорпион” атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн 30 жылдыгы жана Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата спорттун эркектер жана айымдар арасында кол уруш кармашы боюнча мелдешинин ачылыш аземи болуп өттү.

Ага, Куралдуу Куралдуу Күчтөрдүн бардык күч түзүмдөрүнөн келген аскер кызматчылары жана спорттук клубдардын спортчулары катышты.

Мелдеш 10 салмактык категорияда өтүүдө жана финалдык этап 2024-жылдын 27-февралында болмокчу.

Биринчиликке жеткен спортчулар эл аралык мелдештерде Кыргыз Республикасынын намысын коргошот.