Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 36 жылдыгына арналган Митинг-реквием болуп өттү

15.02.2025
3629

Бүгүн, 2025-жылдын 15-февралында Ататүрк паркында Афганистан Демократиялык Республикасынан советтик аскерлердин чектелген контингентинин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына арналган митинг – реквием болуп өттү.

Митинг-реквиемге Афганистанда кызмат өтөгөн интернационалист-жоокерлер, Коргоо министрлигинин, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчилиги, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек гарнизонунун аскер кызматчылары, ошондой эле мектеп окуучулары, шаар тургундары жана меймандары катышты.