Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Сокулук районунда “Коопсуздук-2025” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун үчүнчү этабы ийгиликтүү өткөрүлдү

24.04.2025
103

2025-жылдын 24-апрелинде Чүй облусунун Сокулук районунда “Коопсуздук-2025” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун үчүнчү этабы ийгиликтүү өткөрүлдү.

Машыгуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (ИИМ), Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан аймактык коопсуздукту камсыздоого багытталган биргелешкен аракеттер көрсөтүлдү.

Окуу сценарийине ылайык, стратегиялык маанидеги электр борборунун объектиси мыйзамсыз куралдуу түзүмдөр тарабынан басып алынып, кызматкерлер барымтага алынган кырдаал түзүлгөн. Аталган операциянын жүрүшүндө атайын бөлүктөр тарабынан барымтадагыларды бошотуу жана мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча ыкчам жана координацияланган аракеттер ишке ашырылды.