Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кезектеги жыйыны

15.12.2025
105

.

2025-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесинин алдындагы Эксперттик жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү.
 

.

Жыйынга Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Индия Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы жана Россия Федерациясынын өкүлдөрү катышты.
 

.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин 2026-2027-жылдарга карата аскердик өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле коргоо ведомстволорунун аскердик кызматташтык багытындагы иш-чараларын талкуулашты.
 

.

Аскердик кызматташтыкты өркүндөтүү максатында спорттук, интеллектуалдык жана илимий-инновациялык иш-чараларды пландоо жана биргелешип өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

 

.

Жыйындын жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун өкүлдөрү аталган жыйындын жыйынтыктары боюнча Протоколго кол коюшту.