Башкы
>
Жаңылыктар
Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында экинчи эл аралык “World Defence Show – 2024” коргонуу көргөзмөсү болуп өттү
2024 -жылдын 3-9- февралда чейин Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында экинчи эл аралык “World Defence Show – 2024” коргонуу көргөзмөсү болуп өттү.
Коргоо көргөзмөсүнүн ишине Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов башында турган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин делегациясы катышты.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө КР Коргоо министрлигинин өкүлдөрү - аскердик-техникалык компаниялардын аскердик техникасынын үлгүлөрүн көрүп чыгышып, өз продукцияларын көрөтүп жаткан компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздук маселелерин мындан ары жакшыртуу жана камсыз кылуу кызыкчылыгында кызматташуу маселелерин талкуулашты.