Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Россия Федерациясынын жогорку аскердик окуу жайларында окуп жаткан Кыргыз Республикасынын курсанттары "Саян маршы" эл аралык конкурсуна катышууда

08.04.2024
3424

2024-жылдын 6-апрелинен 9-апрелине чейин «Ергаки» Борбордук аскердик округдун аскердик-спорттук даярдоо окуу борборунун базасында Красноярск крайынын Батыш Саян тоолорунда лыжа-альпинизм боюнча "Саян маршы" эл аралык конкурсу өтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн командасы - Рязань жогорку аба-десанттык командалык окуу жайынын курсанттарынан түзүлгөн.

"Саян маршы" конкурсунун алкагында биздин аскерлерге Абхазия, Иран, Кытай, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан келген аскерлер атаандаш болушууда.

Конкурстун катышуучуларына марштын жүрүшүндө 50 чакырымдан ашык узундуктагы эки күндүк лыжа маршы, 12 атайын тапшырма (көнүгүү), анын ичинде тоо лыжа жана альпинизм жабдыктарын колдонуу менен басып өтүү, тоолуу жерлердин багытын табуу, чалгындоо, штаттык ок атуучу куралдан атуу, граната ыргытуу жана башкалар аткарылат.

Мелдеш үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде жыйынтыкталып, "Саян маршы" лыжа-альпинизм боюнча мелдештин жыйынтыгы чыгарылат.