Башкы
>
Жаңылыктар
Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскер академиясы менен илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду
2024-жылдын 29-октябрынан 1-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин делегациясы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскер академиясында иш сапарда болушту.
Иш сапардын алкагында Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер Академиясынын окуу-материалдык базасы менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын аскердик делегациясы - Коргоо министрлигинин илимий-изилдөө инновациялык борборунун башчысы полковник Талгат Саалаев, аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы полковник Канагат Уразбеков, Аскер институтунун башчысы полковник Иман Мамбетсеитов болуп, анда эки окуу жайдын ортосунда аскердик билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Эске салсак, ушул меморандумдун долбоору 2023-жылдын 28-ноябрында Аскер институтунда Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскер академиясынын башчысынын орун басары генерал-майор А.С.Коржевский жетектеген делегация өкүлдөрү менен макулдашылган.