Башкы
        >
        Жаңылыктар
    
        Республикалык бюджеттен сатылып алынган техникалардын көргөзмөсү болуп өттү
            14.11.2024        
        
            1354            
        
    2024-жылдын 14-ноябрында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку кенештин депутаттарынын катышуусунда Республикалык бюджеттен сатылып алынган техникалардын көргөзмөсү болуп өттү.
Иш-чарада КР Коргоо министрлигинде сатылып алынган аскердик техникалар боюнча Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Э.Тердикбаев баяндама жасады.
Көргөзмөдө Балыкчы шаарында чыгарылып жаткан ГАЗ 66БМ унаасы, байланыш каражаттары жана күжүрмөн техникалар көрсөтүлдү.
 
                 
               
              