Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Полковник Артур Темиров Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамынын атынан "Слово Кыргызстана" гезитинин атайын кабарчысы Сидоров Сергей Викторовичти 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

04.07.2024
894

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темиров Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамынын атынан "Слово Кыргызстана" гезитинин атайын кабарчысы Сидоров Сергей Викторовичти 80 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Коргоо министрлигинин ыраазычылык катында Сергей Викторовичтин Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн күнүмдүк турмушун чагылдыруу, жаш муундарга жана жаштарга аскердик-патриоттук тарбия берүүнү жогорулатууга көмөк көрсөтүү боюнча кошкон зор салымы өзгөчө белгиленген.

Жыйынтыгында полковник А.Темиров Сергей Викторовичке күч-кубат, чың ден-соолук, оптимизм жана иштерине ийгиликтерди каалады.