Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

“Өз ара аракеттенүү - 2024” машыгуусунун алкагында маданий-спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө

08.09.2024
874

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө өтүп жаткан ЖККУ “Өз ара аракеттенүү - 2024” машыгуусунун алкагында маданий-спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. 

Алсак, бүгүн, 2024-жылдын 7-сентябрында спорттун волейбол боюнча машыгууга катышкан аскердик контингенттер арасында турнир өтүп, 1-орунду Кыргыз Республикасы, 2-орунду Россия Федерациясы, 3-орунду Казакстан Республикасынын командасы ээледи. 
Алдыда спорттун Футбол жан Гиря көтөрүү боюнча мелдештери болот. 

Ошондой эле, Балыкчы шаарынын маданият үйүндө шаар тургундары жана меймандары үчүн  концерттик программа тартууланып, концертте КР КМ Борбордук жана Регионалдык армия үйүнүн чыгармачыл тобу, Коргоо министрлигинин өзүнчө көрсөтмөлүү аскердик орскестри, Россия Федерациясынын Борбордук аскер округунун ыр жана бий ансамбли жана Белорусиянын чыгармачыл аскер кызматкерлери өз таланттарын тартуулашты.