Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Ош шаарында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

09.05.2025
32

2025-жылдын 9-майында Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн салтанатка Коргоо министринин орун басары - Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысы полковник Алмазбек Карасартов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүлчамбар коюлуп, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан концерттик программа уюштурулду. 

Ошондой эле Т. Сатылганов атындагы эс алуу багында ардагерлер үчүн «Аскердик талаа ашканасы» уюштурулуп, сый-тамак тартууланды.

Эске салсак, Ош шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка 14 621 адам чакырылып, алардын ичинен 3 118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон.