Башкы
>
Жаңылыктар
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата жаңы эстелик ачылды
07.05.2025
56
Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында жаңыдан тургузулган эстеликтин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Эстеликте Биймырза айылынан Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жоокерлердин ысымдары жазылып, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаштар, ардагерлер жана айыл тургундары катышып, гүлчамбарлар коюлуп, эскерүү сөздөр айтылды.