Башкы
>
Жаңылыктар
Ош гарнизонунда аскер кызматкерлери үчүн жол коопсуздугу боюнча сабактар өттү
11.02.2025
185
2025-жылдын 11-февралында Ош гарнизонунун Аскер автоинспекциясы аскер кызматкерлери үчүн жол коопсуздугун жана эрежелерин сактоо боюнча сабак өткөрдү.
Сабактын жүрүшүндө Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Коопсуз шаар бөлүмүнүн өкүлдөрү да катышып, жол эрежелерин сактоо боюнча маанилүү түшүндүрмөлөрдү жеткиришти. Алар кызматкерлерге жолдо жүрүүдө коопсуздукту камсыздоо, жол эрежелеринин маанилүүлүгү жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча практикалык кеңештер беришти.
Сабактын соңунда аскер кызматкерлери өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, аларга тиешелүү жоопторду алышты.