Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышы тууралуу ачык сабак болуп өттү

12.02.2025
268

2025-жылдын 12-февралында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу А.Стрельникова атындагы орто мектебинде Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышынын күнүнө карата ачык сабак өттү. 

Сабакка Ооган согушунун ардагерлери жана запастагы генерал-майор Мелис Бекбоев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө генерал-майор М.Бекбоев Ооган согушунун жаралуу себептери, ал кездеги саясий кырдаал жана согуштун жүрүшү тууралуу кызыктуу жана таасирдүү баяндама жасады. Ал ошондой эле, Ооган согушунун ардагерлеринин баатырлыгы жана биздин жоокерлердин эрдиги тууралуу өз оюн бөлүштү.

Ошондой эле, сабактын жүрүшүндө мектеп окуучулары автомат чачуу, жыйноо жана саптык элементтерди көрсөтүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — жаш муундарга Ооган согушунун тарыхын үйрөтүү, эрдикти баалоо жана аскердик ишмердүүлүк тууралуу түшүнүктөрүн тереңдетүү болуп саналат.